Маалымат согушу: Элге жетпеген чындык
Your browser doesn’t support HTML5
Орусия Украинага кол салгандан бери Кремл эркин маалымат каражаттарынын ишин чектөөнү күчөттү. Тескерисинче мамлекеттик медианы каржылоо көбөйдү. Эксперттер мындай шартта калың эл бир тараптуу гана маалымат алып, пропагандага сугарылып жатканын белгилешет. Кыргыз коому калыс, ар тараптуу маалыматты издеп табууну канткенде үйрөнөт жана ага мүмкүнчүлүк чектелбейби?